• 88.68
  • 95
  • 0.95

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык этабы аяктоо алдында турат

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСинин даярдоо этабынын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Электр энергетикалык кеңешинин 62-жыйынында билдирди.

Анын айтымында, унаа жолун, көмөкчордондун, электр линиясынын, тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана куруучулардын конуштарынын курулушу бүткөрүлдү.

Белгиленгендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жалпы долбоордук кубаттуулугу 1 миң 860 МВтка жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат

Эскерте кетсек, өткөн жылы 8-июнда президент Садыр Жапаров тарабынан Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоого старт берген.

Пикир

Оставить комментарий