• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ЖЭБде болгон штаттык эмес кырдаалга байланыштуу аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамалары угулду.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча болуп өткөн окуянын себептери аныкталат, келечекте ушундай жагдайга жол бербөө боюнча чаралар сунушталат, анда Бишкек шаарынын ЖЭБинин негизги жабдууларын реконструкциялоо жана калыбына келтирүү, анын ичинде аны толук модернизациялоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча сунуштар жана локалдуу жылуулук электр станцияларын жана буу казандарын курууну эске алуу менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун борбордон ажыратуу боюнча сунуштар камтылат.

Мындан тышкары, борбор калаадагы ЖЭБде штаттык эмес кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүү адамдарга карата чара көрүү боюнча сунуштар киргизилет.

"Учурда себептери белгисиз, ар кандай варианттар каралып жатат, окуянын чоо-жайын аныктаган мекемелер аралык комиссиянын ишинин бүтүшүн күтүү керек", - деп Бакыт Төрөбаев комиссиянын иши коомчулукка жарыяланарын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматы угулуп, ал Россия Федерациясынан алты адис менен биргеликте ЖЭБдеги кырдаалды иликтеп жатканын, бул иштин жыйынтыгы мекемелер аралык комиссиянын кароосуна коюла турганын белгиледи.

Жыйындын аягында мекемелер аралык комиссиянын кийинки жыйынын Бишкек шаардык ЖЭБдин аймагында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий