• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Ош облусунда бир катар жаңы мектептердин, бала бакчанын ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Араван районунун Керме Тоо айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Минкаб башчысы Араван районундагы 56 мектептин ичинен буга чейин 6сы авариялык абалда болсо, экөө былтыр жаңыланып, үчүнчүсү бүгүн жаркырата жасалып бүтүп жатканын белгиледи.

"Мамлекет тынч болсо, бекем ынтымакта болсок, көп өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болот. Садыр Нургожоевичтин бизге койгон биринчи тапшырмасы – мектеп, мектептерди оңдоо болгон. Мына эми мамлекеттен 146,5 млн сом бөлүнүп, эки кабаттуу, бардык шарты бар мектеп түштү"-деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Акылбек Жапаров Ноокат районунун Калдай айылында жайгашкан “Калдай” орто мектебинин жаңы имаратын ачты.

"Мен бул жакка келгенче дагы 2 мектепти ачтым, 1 бала бакчанын, 1 мектептин бүтүп калганын көрүп келдим. Бүгүн үчүнчү мектепти ачып жатам. Кыргызда көз кубанат дейт го, ар бир мектеп биринен бири өтүп, 2 кабаттуу, заманбап, ысык-муздак суусу бар, Бишкектин мектептериндей бүт шарттары менен татынакай болуп салынганы кубандырат", - деген Акылбек Жапаров бул мектепти курууга республикалык бюджеттен 102,5 млн сом жумшалганын белгиледи.

Ошондой эле минкаб башчысы Төлөйкөн айыл аймагынын Бирлешкен айылында курулуп жаткан 275 орунду мектептин абалы менен таанышты. 2015-жылы курулушу башталып, ортодо курулушу токтоп калган бул объектини тез арада бүткөрүү боюнча Минкаб башчысы тиешелүү тапшырмаларды берди.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Суу районунун Сарай айылдык аймагынын Киров айылында жайгашкан "Бакыт нуру" балдар бакчасынын ачылышына катышты. 160 орундуу бул бала бакчага 68 578,2 миң сом жергиликтүү бюджеттен жумшалган.

Мындан тышкары минкаб башчысы Кара-Суу районундагы “Евро Азия ГРУПП” индустриялдык-логистикалык борборуна барды. Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ош-Баткен-Раззаков мамлекеттик маанидеги автоунаа жолунун реконструкциясы менен таанышты. 2023-жылы башталган бул долбоордун сметалык баасы– 876,6млн.сомду түзүп, учурда 306,5 млн сомдук жумуштар аткарылган. Акылбек Жапаров жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу менен, ишти өз мөөнөтүндө бүткөрүү зарыл экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий