• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн жаңы орун басары облус активине тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган Максат Сыдыков облус активине тааныштырылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев орун басарын өзү тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле облус башчысы Максат Сыдыковду облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга чакырды.

Максат Сыдыков 1982-жылы Ысык-Кел районунун Булан-Сөгөттү айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолун 2006-жылы КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде жетектөөчү адис кызматынан баштаган.

  • 2008-жылы "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген комунда эсепчи;
  • 2008-2012-жылдары Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгында башкы адис;
  • 2012-2014-жылдары Бишкек шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгында бөлүм башчы;
  • 2014-2015-жылдары "Строй холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунда башкы директордун орун басары;
  • 2021-жылдын март айынан тартып КР президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору;
  • 2021-жылдын 19-майынан 29-октябрына чейин КР президентинин аппаратынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн инспектору;
  • 2021-жылдын 29-октябрынан тартып КР президентинин админстрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору кызматында эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий