• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 14 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан 2024-жылдын май айына чейин 13 миң 947 даана "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда "акылдуу" эстептегичтерди орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Белгиленгендей, "акылдуу" эсептегич калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын жүктөөдөн коргоого жардам берип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип турат.

Ошондой эле эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары керектөөчүлөр тарабынан “акылдуу эсептегичге” өз алдында колдонуу аракеттери болсо, аны автоматтык түрдө маалымдайт.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад ЭТИге 2023-жылы жалпы 25 миң 407 "акылдуу" эсептегич алып келинип, анын 11 миң 460 даанасы колдонуучуларга орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий