• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата биргелишип иш алып баруунун пландарын такташты. Тактап айтканда:

  • эки тараптуу иш сапарларды, иш-чараларды уюштуруу;
  • визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү;
  • банк секторундагы кызматташтыкты жакшыртуу;
  • соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана башка маселелердин үстүнөн иш алып баруу тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий