• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Борбордук Азия лидерлеринин Консультативдик жолугушуусу өтөт

Саясат 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылар Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эки өлкө башчылары кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий