• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш старт алды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды.

Мэриядан билдиришкендей, спорттук иш-чаранын ачылышына вице-мэр Сонунбек Жунусбаев катышып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Мелдешке Кыргызстандын жана жакынкы коңшу өлкөлөрдүн спортчулары катышууда.

Турнир Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, 9-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий