• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министри Жунушалиев Баткен облусуна барды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жунушалиев ички иштер органдарынын өздүк курамы менен жыйын өткөрүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.

Министр, чек арадагы абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгилеген.

Учурда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө болушат.

Милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Чек арадагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий