• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министри Талас облусундагы "Чынгыз Ордо" комплексинин курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Чыңгыз Ордо" тарыхый-маданий комплексине барып, анын курулуш иштери менен таанышты.

Аталган комплекс Чыңгаз Айтматовдун 90 жылдыгына карата салына баштаган. "Чыӊгыз-Ордо" маданий комплексин курууга Талас облусунун Шекер айылынан 15 гектар жер бөлүнүп берилген.

"Бул комплекс курулган соң Кыргызстандагы көрүнүктүү тарыхый-маданий объекттеринин бири болот", - деп белгилейт министрлик.

Алдыда Жаманкулов иш сапар менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Аймактарга болгон иш сапарынын алкагында ал ар бир облустун тарыхый-маданий мурас объекттерин кыдырат.

Пикир

Оставить комментарий