• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Токтогул ГЭСинин 2-агрегатын реконструкциялоо иши жүрүүдө — видео

Аймак 0


Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Токтогул ГЭСинин 2-агрегатын реконструкциялоо иши ушул жылдын март айында башталды. Бул тууралуу Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча директордун орун басары Улан Калыбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, реконструкциялоо иштери быйылкы күз-кыш мезгилинын аягына чейин бүткөрүлөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтуусуна ылайык, жаңы агрегаттардын эффективдүүлүгү чоң болот. "Эгерде буга чейин бардыгы кол менен башкарылып келсе, эми мында автоматтык башкаруу болот. Суунун агып кириши менен чыгышын Бишкекте отуруп эле онлайн режимде көрө алабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий