• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата жана Улуу Ата Мекендик согушдун ардагери Токтоболот Базарбаевдин жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 7-11-май күндөрү К.Өмүралиев атындагы спорт комплексинде болуп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 170тен ашык спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Кыз-келиндер арасында:

1-орун Адина Асейева (15 000 сом);
2-орун Акбота Намаз (10 000);
3-орун Виктория Белицкая (5000);
3-орун Аружан Салман (5000).

Эркектер арасында:

1-орун Асылбек Каржаубаев (15 000);
2-орун Анарбек Джамакеев (10 000);
3-орун Дамир Ахметов (5000);
3-орун Сыртан Сыргак уулу (5000).

Ардагерлер арасында (айымдар арасында):

1-орун Светлана Токтакунова (12 000):
2-орун Элмира Кенжеева (7000);
3-орун Калийма Оморова (3000);
3-орун Кишимжан Молдокулова (3000).

Ардагерлер (эркектер арасында):

1-орун Жумамудун Курмангалиев (12 000);
2-орун Канатбек Кендирбаев (7000);
3-орун Бактыбек Орозакунов (3000);
3-орун Токтур Дүйшөналиев (3000).

Пикир

Оставить комментарий