• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын киберспортчулары PUBG Mobile боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын киберспортчулары PUBG Mobile оюну боюнча Малазияда өтчү дүйнө чемпионатына катышат.

Чемпионат 10-13-ноябрда Куала-Лумпур шаарында өтүп, 48 команда 16 адамдан турган үч тайпага бөлүнүп жарышат.

Кыргызстандык Effect жана Zerych аттуу оюнчулары MadBulls командасынын курамында ойнойт. MadBulls командасы кийинки баскычка чыгуу үчүн таймашат.

Ар бир тайпанын үч мыкты командасы гранд финалга чыгат. Ал 2023-жылдын 6-8-ноябрында Индонезияда өтөт.

Малазиядагы иш-чаранын байге фонду 4 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий