• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын сууктагандыгына байланыштуу үй-жайсыз жарандарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү максатында, Свердлов районунун акимиаты тарабынан 40 орундуу баш калкалоочу жай уюштурулган. Убактылуу баш калкалоочу жай мурунку жашылдандыруу комбинатынын аймагында Фере, 34А дарегинде жайгашкан.

Мэриядан белгилешкендей, имаратта косметикалык оңдоо, терезелерди айнектөө, электр жарыгын оңдоо, керебеттерди оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Төшөнчүлөр (матрастар, жууркандар, жаздыктар, жаздык каптар, жана шейшептер) сатылып алынды.

"Муктаж болгондор өздөрү баш калкалоочу жайга келе алышат же аларды укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам кызматкерлери жеткиришет. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөт.

Маалымат үчүн телефон: 360335, 0706 168877, Мамаев Эркин - Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Пикир

Оставить комментарий