• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Барселона" Неймар үчүн 100 млн евро жана эки оюнчусун берүүгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 19.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Барселона" клубу Неймар үчүн "ПСЖ" командасына 100 миллион евро жана 6 оюнчунун экөөсүн сунуштоодо. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Sky Sport Germany телеканалынын маалыматына ылайык, каталониялык клуб 27 жаштагы оюнчу үчүн келишимди жакшыртты. Анда "Барселона" 100 миллион евро жана эки оюнчуну сунуш кылууда.

"ПСЖга" сунуш кылган алты оюнчунун сап башында чабуулчу Филиппе Коутиньо турат. Төмөнкү баадагы оюнчулар Иван Ракитич, Нелсон Семеду, Малкон сыяктуу футболисттер да сунушталууда.

Барсанын Коутиньо жана Ракитич футболисттери учурда "ПСЖга" өтүүнү каалашпаганын билдиришкен.

Эскерте кетсек, Франциялык "ПСЖ" клубу "Барселона" тарабынан Неймарды Филиппе Коутиньо, Иван Ракитич жана 40 миллион еврого алмашуу боюнча сунушун четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий