• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Ордо конушунда жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча маселе талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Ак-Ордо конушунда тургундардын кайрылуусу боюнча Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору, жеке турак жай курулушу жана шаар курулушу департаментинин директору жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын орун басарлары катышты.

Шаардыктар жер тилкелеринин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлүү маселелерин айтышты.

Ошондой эле буга чейин аталган конуштун жашоочулары социалдык-маданий турмуш-тиричилик объекттерин курууга арналган участокторго курулган үйлөргө байланыштуу маселени кароо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэрдин орун басары тейлеген кызматтарга айтылган маселелерди белгиленген тартипте чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий