• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылган – видео

Кырсык 0


Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 15-майда 19 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирүүгө аракет кылган.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, милицияга аял кишиден маалымат түшкөн. Анда анын 19 жаштагы кызы көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган.

Ыкчам кызматкерлер берилген сүрөттүн негизинде кыздын дарегин таап, жерине барышкан. Милиционерлер кызды куткарып калышкан.

Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий