• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районундагы каналга кичинекей бала чөгүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Аламүдүн районунда Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-апрелде болгон.

Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган. "Кеч болгондугуна байланыштуу саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө улантылат", - деп айтылат маалыматта.


Пикир

Оставить комментарий