• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан бир адам мерт кетип, төртөө жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 114-чакырымында Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 41 жаштагы эркек киши каза болуп, 45, 41, 33 жана 40 жаштагы төрт эркек киши жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жаранды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий