• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы тик учак кырсыгы. Каза болгон экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Түркияда тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын экинчи жараны Я.Л.нын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган.

Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны.

Буга чейин бир кыргыз жараны ооруканага түшкөндүгү, ал эми экинчи жарандын сөөгү табылгандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий