• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы тик учак кырсыгы. Ооруканага түшкөн кыргызстандыктын абалы туруктуу, бирөө изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Түркиядагы тик учак кырсыгынан кийин Измирдеги Бозяка Эгитим жана Араштирма ооруканасына түшкөн И.Э. аттуу кыргыз жаранынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык катталгандан бери жеринде жүргөн консул кызматкери жабыркаган жарандан кабар алган. Кызматкердин маалыматы боюнча, кырсыктаган тик учакты Кыргызстандын жарандары биринчи учкуч – О.О., И.Э., жана бортмеханик - Я.Л. башкарган.

Учакта үч кыргызстандыктан башка бир түрк жараны болгон. Кыргызстандын жараны И.Э. чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп чыккан.

Акыркы маалыматтар боюнча, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын О.О. аттуу жаранынын сөөгү табылган. Дагы бир жаранды издөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган.

Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны.

Пикир

Оставить комментарий