• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин 20 кызматкери киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча окуудан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Ички иштер министрлигинин Академиясында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн "Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен каржылык активдерди уурдоо боюнча кылмыштардын бетин ачуу" темасындагы окуу курсу башталды.

Ведомстводон билдиришкендей, окуу курсу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган.

ИИМ Академиясынын башчысынын орун басары Нурия Маматазизова окуу курсун ачып жатып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

"Акыркы мезгилде IT технологияларды колдонуу менен көптөгөн кылмыштар жасалып, жарандарга, укук тартибине, ошондой эле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыктан аларга каршы адекваттуу чараларды иштеп чыгуу учурдун талабы болуп турат. Ал эми окуу курсуна катышып жаткан кызматкерлер киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө жана аларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга багытталган көптөгөн керектүү маалыматтарга ээ боло алышат", - деген ишенимин билдирди ал.

"Бул окуу курсу кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биздин укук коргоо тармагындагы өнөктөштөрдүн билимин инвестициялоону гана эмес, башкаруунун бардык деңгээлдеринде талкууланган аны иш жүзүндө колдонуунун жолдорун издөөнү камтыйт. Бул киберкоопсуздуктун жогорулашына жана глобалдык тармак аркылуу жасалган кылмыштуулуктун бетин ачууга салым кошот деп күтөбүз", - деди ЕККУнун Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедарев.

Ал эми ЕККУнун Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча улуттук кеңешчиси Шамшыбек Мамыровдун айтымында, тренинг ИИМ кызматкерлерине кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, окуу курсуна ички иштер органдарынын 20 кызматкери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий