• 88.68
  • 95
  • 0.95

Люксембург айылындагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0


Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында жайгашкан Я.Ваккер атындагы орто мектептин чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тилсиз жоо бүгүн катталып, аны өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган.

Ленин көчөсүндө жайгашкан билим берүү уясынын чатырынан чыккан өрт саат 14:40та чектөөгө алынып, саат 14:54тө толугу менен өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий