• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөн өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрь түнкү саат 3:18де Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жанаша жайгашкан кичи маркеттердин бири күйүп жатканы тууралуу деген маалымат түшүп, биринчи күжүрмөн эсеп 3:19да барган

Тилсиз жоонун аянты чоң болгондуктан, саат 3:45те 1 андан соң, резервдеги дагы 1 күжүрмөн эсеп чыккан.Тилсиз жоонун жайылганына байланыштуу саат 4:12де Каракол шаарынын №15 ӨКБдан 2, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жеринде иштеп жатат.

Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүүдө. Жеринде 28 куткаруучу 3 офицер иш алып барууда. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыркагандар жок

2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 м² аянтты кучагына алган.

Пикир

Оставить комментарий