• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунда өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылы Таранчиев көчөсүндө турак үйдөн чыккан. Натыйжада үйдүн 25 чарчы метри күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өрттүн кесепетинен түтүнгө ууланып, 1986-жылы туулган Д.Е. атту эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Пикир

Оставить комментарий