• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айылында ачык аянтта 1 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында жыгач устундуу темир калай менен жабылган 190 чарчы метр сарай жана 2500 даана түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Совет айылында турак үйдүн 32 чарчы метри жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий