• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Байтик Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн 1983-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 5 куткаруучу, ИИМдин жана тез жардам кызматынын кызматкерлери тартылып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эркек кишини жерге түшүргөн.

Пикир

Оставить комментарий