• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аалиев Финансы министрлигине МИК үчүн каражаттарды бөлүү темпин тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. КР президентинин тапшырмасын аткаруу иретинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин катышуусунда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ишмердүүлүгүнүн маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында акционердик коомдун турак жай куруу аркылуу турак жай фондун жогорулатуу планы тааныштырылып, «Менин үйүм-2021-2026» Программасын ишке ашыруу алкагындагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Азиз Аалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү жана ипотекалык кредитке болгон калктын бардык муктаждыгын канагаттандыруу зарылдыгы тууралуу билдирди, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү тапшырма берди. Тапшырмага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин 1 миллиард сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын уставдык капиталын 8,5 миллиард сомго көбөйтүү зарыл.

Мындан тышкары, министрлер еабинетинин төрагасынын орун басары КР Экономика жана коммерция министрлигине, министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга турак-жай курулушун стимулдаштыруу максатында ипотекалык кредиттөө программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий