• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акылбек Жапаров белорус өндүрүшүндөгү жаңы жүргүнчүлөр автобусунун техникалык мүмкүндүктөрү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин бир катар ишканаларын кыдырып, «Минск автомобиль заводу» ачык акционердик коому тарабынан сыноо мөөнөтү үчүн жиберилген белорус өндүрүшүндөгү жаңы жүргүнчүлөр автобусунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасына бул автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталганын билдирди. Анын өзгөчөлүгү катары майыптык коляска үчүн туткасы бар бүктөлүүчү тепкич, жүргүнчүлөрдү отургузуу/түшүрүүнү жеңилдетүү үчүн «Книлинг» жантайыңкы кузов тутуму, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тиешелүү шаймандарды бекитүү үчүн жабдуулар каралган.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына барып, андагы автобустар паркынын абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, автопарктын балансында 476 транспорт бирдиги бар, ал эми 300дөн ашуун автобус бузулгандыгына байланыштуу эсептен чыгарылууга тийиш.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, шаардыктарды ыңгайлуу жана коопсуз транспорт менен камсыздоо зарыл.

«Шаарда бардык нерсе шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн каралышы керек. Автобус паркын толугу менен жаңылап, шаардын бардык ички көчөлөрүн оңдоо зарыл. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жана аллеялардын абалына өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле таштандыларды сорттоочу заводдун курулушун тездетүү зарыл», - деп белгиледи ал.

Андан соң Акылбек Жапаров Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бакка барды, анда ботаникалык бактын иши тууралуу бетачар сунушталып, актуалдуу көйгөйлөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий