• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, өрт тууралуу маалымат саат 06:10до түшүп, тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт толугу менен саат 10:00дө өчүрүлүп, кырсыктын кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий