• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте Honda Odyssey унаасы бакты сүзүп, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бишкектин Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталып, Honda Odyssey унаасынын айдоочусу бакты сүзүп алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык 30-ноябрда болжол менен таңкы саат 04:30да катталган.

Жерине барган ӨКМдин куткаруучулары унаанын ичинен 1996-жылы туулган Э.Э. уулу жана О.Д. (туулган жылы такталууда) аттуу жарандарды алып чыгышкан.

Жабыркаган жарандар Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий