• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, сутка ичинде Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 3, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Баткен облусунда - 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Ч.Валиханов көчөсүндө ачык аянтта 100 чарчы метр кураган чөп күйгөн. Ошондой эле Жунусалиев көчөсүндөгү жыгач менен капталган 8 чарчы метр мончонун бөлмөсү күйүп кеткен. Өрттөрдүн себеби учурда такталууда.

Ал эми Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаага жүктөлгөн 200 түк беде чөп толугу менен күйгөн.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жүзүм-Бак айылы,нда жыгач устундуу темир менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын 75 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби тактала элек.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыпчак-Талаа айылынын К.Раманов көчөсүндөгү №4 турак үйдүн сарайынын 155 чарчы метр аянты күйгөн жана өрт жанаша жайгашкан сарайга өтүп, сарайдын 150 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Мындан сырткары, 1 миң түк жыйылган чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий