• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте "Паяцы" операсынын премьерасы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Руджеро Леонкаваллонун "Паяцы" операсынын концерт вариантындагы премьерасы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, дирижердук пультта атайын чакырылган Мариинск театрынын дирижеру Николай Хондзинский болот. Башталышы саат 18:00дө

Маалымат үчүн: Италиялык композитор Рудгеро Леонкаваллонун прологу менен эки бөлүктөн турган "Паяцы" операсы өзүнүн либреттосуна жазылган. Операнын премьерасы Миланда 1892-жылы 21-майда болгон.

Пикир

Оставить комментарий