• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ОСАГО полисин киргизүүнү 2024-жылдын 1-июлуна жылдыруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги ОСАГО полисин киргизүүнү 2024-жылдын 1-июлуна жылдырууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме маалымкатка ылайык, КР Салык кодексинин 416-беренесине ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттер патенттик системадан атайын жана жалпы салык салуу режимдерине өтүшү керек.

Ошентип, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жана бир эле мезгилде бул салык режимдерин киргизүү, акыркы убакта коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулашынын фонунда, калк үчүн кошумча финансылык жүк болушу мүмкүн жана коомдо терс кабыл алынышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун негизги максаты жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын укуктарын жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында мыйзамдуу талаптарын коргоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий