• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган маданий-гуманитардык жана спорттук иш-чаралар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин катышуусу жана колдоосу менен Москвадагы кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган маданий-гуманитардык жана спорттук иш-чаралар башталды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде 50дөн ашык Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештердин жана алардын балдарынын катышуусунда шахмат боюнча турнир өткөрүлдү.

Иш-чара Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн жарандарыбызды бириктирүү, ынтымакка үндөө, ошондой эле мекендештер арасында шахмат-интеллектуалдык оюнун популяризациялоо жана сергек жашоо образын жайылтуу, спорт чеберчилигин жогорулатуу, күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын аягында, калыстар тарабынан турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталып, баалуу белектер ыйгарылды.

Мекендештер арасында өткөрүлгөн шахмат боюнча турнир жагымдуу жана достук маанайда өттү.

Белгилей кетчү жагдай, иш-чараны өткөрүүдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий