• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапарынын алкагында Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Р.Казакбаев Азербайжанга келип кетүү чакыруусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдоду.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстанда боордош азербайжан элинин ийгиликтерине жана жетишкендиктерине ар дайым кубанып тургандыгын белгиледи. Президенттин акылман саясатынын жана максаттуулугу менен Азербайжан дүйнөлүк аренада эл аралык позицияларын кыйла бекемдеди. Ошондой эле министр Азербайжан тарапка президенттик шайлоого, референдумга жана жергиликтүү кеңештерге эл аралык байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан мамилелерин талкуулашты, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу, КР тышкы иштер министри эки өлкөнүн парламенттеринин маанилүү ролун жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыгын белгиледи.

Азербайжан парламентинин башчысы эки өлкөнүн күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүү маселеси тургандыгын жана Милли Межлис бул келишимдер түзүлгөндөн кийин аларды ратификациялоонун тиешелүү жол-жобосун өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө С.Гафарова эки өлкөнүн парламенттеринде достук мамилелеринин ишинин маанилүү ролун баса белгиледи. Азербайжан тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыгы жаңы баскычка чыгышынын зарылчылыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу Азербайжандын Милли Межлисиндеги Кыргызстан менен достук тобу 14 депутаттан тургандыгы жана алардын бардыгы КР Жогорку Кеңеши менен активдүү иш алып барууга, өз ара аракеттенүүгө даяр экендиги белгиленди.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы С.Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий