• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тышкы иштер министринин орун басары Артыкбаев ИСЕСКОнун сессиясында сөз сүйлөдү

Саясат 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кечээ, 9-декабрда Каир шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин колдоосу астында өтүп жаткан Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияда министрдин орун басары Артыкбаев сөз сүйлөп, уюмдун Кыргызстандын билим берүү системасындагы орду чоң экендигин жана анын мусулман өлкөлөрүндөгү орчундуу ордун белгиледи.

Ошону менен бирге ал ИСЕСКОго мүчө өлкөлөрдү жана уюмдун жетекчилигин билим берүү программаларын жакшыртуу, тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана достук байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө чакырды.

Бул иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясынын башчысы ЕАРнын Жогорку билим берүү жана илимий изилдөөлөр министри проф. Халед Абдель-Гаффар, ИСЕСКОнун Башкы директору доктор Салим Аль-Малик жана ЕАРнын тышкы иштер министринин орун басары Айман Али Камел менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Маалымат үчүн: ИСЕСКО – Ислам кызматташтык кюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү, илим, маданият жана коммуникация маселелери менен алектенген адистештирилген орган. Уюмдун штаб-квартирасы Марокконун Рабат шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий