• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А. Насыров: Ташкент-Ысык-Көл авиакаттамы популярдуу болууда

Саясат 0

Бишкек, 21-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ташкент-Тамчы авиакаттамы Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарынын арасында өтө популярдуу болууда. Бул тууралуу «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумга катышып жаткан Өзбекстандын тышкы иштер министри Анвар Насыров “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси өтө тез ылдамдык менен өнүгүп жатат. Буга эки өлкөнүн президенттеринин Самаркандда жана Астанадагы жолугушуусу чоң түрткү болду.

“Алар биздин элдердин ортосундагы мамиленин ар тараптуу жакшырышына түрткү берди. Эки мамлекеттин ортосундагы соода айлантуу дагы бир топко көтөрүлдү. Ар кандай маданий иш чаралар өтүп жатат. Ошондой эле, облусттук, райондук администрациялар кызматташуусу бекемдөөдө. Биздин мамлекеттер арасында эч кандай тоскоолдуктар жок, эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим иштейт”,-деди Өзбекстандын тышкы иштер министри.

Мындан тышкары Насыров, 4-июлда Ташкент-Тамчы жаңы авиакаттамынын ачылышына катышканын айтты.

“Эки тараптуу өнүгүүдө тоскоолдуктар жок. Биз Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу өтүүчү темир жолун куруу демилгесин толугу менен колдойбуз”,-деп кошумчалады Анвар Насыров.

Пикир

Оставить комментарий