• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында Майыптардын эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Ош шаарында 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кунгө утурлай майыптыгы бар жарандар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.

Ага мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун борбордук башкармалыгынын төрагасы Канат Жапаров катышып, куттукташты.

Аталган саамалыктын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге Ош шаарынын мэриясы, муниципалдык, жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан акчалай сыйлык, белектер тапшырылып, маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа тартууланды.

Маалымат үчүн: БУУнун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдын 14-октябрындагы 47/3 резолюциясына ылайык, Эл аралык майыптар күнү бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленет. Майрам элдин көңүлүн майыптардын көйгөйлөрүнө бурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий