• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ыр-күү жана бийлер. Ош шаарындагы балдар майрамынан фоторепортаж

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Ош шаарындагы “Санжыра” этнографиялык комплексинде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чоң концерттик программа болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов жалпы шаардык тургундарды жана конокторду бүгүнкү майрам менен куттукташты.

Ошондой эле, шаардык, республикалык олимпиадаларга, спорттук мелдештерге катышып, өзгөчөлөнгөн балдарга Ардак грамоталар, алкыш баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Концерттик программа Ош шаарынын маданият башкармалыгы жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий