• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Спортчу 76 кг салмак категорияда беттешип, украиналык балбанды 10:6 эсебинде, ал эми кытайлык спортчуну 6:3 эсебинде артта калтырды.

Айпери Медет кызы финалда кытайлык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 1-4-июнга чейинки аралыкта Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий