• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Месси айып соккуларынын сырын жар салды

Спорт 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси айып соккуларынын сыры тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Анын айтымында, ал дарбазачылардын кыймыл-аракетине өзгөчө көңүл бурат.

"Акыркы убактарда айып соккусу белгилегенден кийин дарбазачы кандай кыймыл-аракет жасарын изилдеп жатам. Буга мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк басым жасай баштадым. Ошондой эле көптөгөн машыгуулардын негизинде мындай айып соккусу жаралды", - деп билдирген Месси.

Быйылкы сезондо футбол боюнча Испаниянын биринчилигинде аргентиналык оюнчу 13 оюнда 13 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий