• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үч айда унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 2 миңден ашуун унаа ээлерине айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын үч айында сентябрдан ноябрга чейин, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң 397 унаа ээлери административдик айыпка тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Анын ичинен 2 миң 125 адам салыкты жеринде (банктар, терминалдар, мобилдик банкинг аркылуу) төлөгөн.

Мындан тышкары, бул мезгилде 628,5 млн сом суммасында жергиликтүү салыктар чогултулган. Анын 182,1 млн сому транспорт салыгы, 171,6 млн сом – кыймылсыз мүлк салыгы, 274,8 млн сом жер салыгы, анын ичинен 34,2 млн сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы.

Эскерте кетсек, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 2019-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий