• 88.68
  • 95
  • 0.95

ХХII Эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды. Ага 1,5 миңден ашык спортчу катышууда

Спорт 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Күн мурун, 11-сентябрда ХХII Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Өзбекстан, Казакстан, Россия, Иран, АКШ, Кытай жана Швециядан келген 1500ден ашык спортчу катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар спорттун 24 түрүнөн күч сынашууда: волейбол, кум үстүндөгү волейбол, кичи футбол, кум үстүндөгү футбол, кум үстүндөгү регби, баскетбол 3х3, кол күрөш, таяк тартыш, самбо, кум үстүндөгү күрөш, сумо, алыш белбоо күрөшү, кыргыз күрөшү, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, кум үстүндөгү бадминтон, гиря көтөрүү, дартс, сууда сүзүү, аркан тартыш, оордуктарды ташуу, бука тартыш, штанга көтөрүү.

Иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдрахманов жана Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын вице-президенти, профсоюздардын ыктыярдуу физкультура жана спорт коомунун Республикалык кеңешинин аткаруучу директору Владимир Лецкий катышты.

Мелдеш 17-сентябрда жыйынтыкталат

Пикир

Оставить комментарий