• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда балык запастарын көбөйтүү үчүн 9 млн даана балык уруктандырылды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 9 млн даана балык уруктандырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баалуу балык запастарын өстүрүү жана көбөйтүү максатында Балык департаменти тарабынан “Тоң балык өстүрүү заводу” мамлекеттик ишканасында форель балыгынын 620 миң уругу, сиг-лудога балыгынан 8 млн 850 миң даана урук алынып инкубациялык цехте Вейса апараттарына салынды.

Азыркы учурда балыктарды жасалма жол аркылуу өстүрүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий