• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Ошко келди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева иш сапары менен Ош шаарына келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чынбаева Баткен облусунан келген жашы жете электерди жана алардын ата-энелерин убактылуу жайгаштыруу борборлоруна барып, алардын көйгөйлөрү менен таанышты.

А. Чынбаева Баткен облусунун жашы жете элек тургундарынын Ош шаарындагы жашоо шарттары менен таанышып, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи.

Алардын муктаждыктарын аныктоо үчүн бир катар ата-энелерден сурамжылоо жүргүзүлдү. ОшМУнун жатаканаларынын биринде Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты ОшТВ каналы жана өзбек улуттук маданий борбору менен биргеликте Баткен облусунан келген балдар үчүн театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүштү.

Соңунда Баткен облусунун бир нече балдары жайгаштырылган “Лотос” балдар үйүнө да барышты.

Пикир

Оставить комментарий