• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган жолдун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылганы маалымдалган. Учурда жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат.

Эске салсак, жалпы көлөмү болжол менен 4000 м3дан ашкан жер көчкүсү бүгүн эртең менен саат 09:00дор чамасында жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий