• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Баткен облусунда жолдорду курууга 650 млн сом бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы Баткен облусунда жолдорду курууга 650 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр бөлүнгөн каражаттын суммасы 250 млн сомду түзгөн.

“Баткен облусунун өнүгүү стратегиясына ылайык, приоритеттүү долбоорлорго жыл сайын 500 млн сом бөлүү каралган. Бирок, быйыл облуста чек ара айланма жана эвакуациялоочу жолдорду куруу долбоорлорунун тизмесинде 37 объектке 650 млн сом каралган. Бөлүнгөн каражаттын алкагында 24 чакырым асфальт-бетон, 361 чакырым жолго шагыл төшөлүп, үч көпүрөнүн курулушу бүткөрүлөт. Мындан тышкары, 46,5 чакырым жолдун долбоордук документтери даярдалган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий