• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын беш айында кылмыштуулук менен күрөшүү, бетин ачуу, алдын алуу жана кошумча уюштуруу иш-аракеттери жөнүндө маселелер каралып, бул багытта аткарылып жаткан ар тараптуу жумуштар боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов маалымат берди.

Белгилеп айтканда, быйылкы жылы профилактикалык иш-чаралардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу укук бузууларды каттоо 400гө жакын фактыга, ал эми кылмыш иштерин козгоо 250гө жакын фактыга кыскарган.

Ошондой эле шаар боюнча 1228 иш кагаздары башталса, анын 849у (70 пайызы) ачылган. Мындан тышкары, 100гө жакын соттук териштирүүлөр боюнча иштин бети ачылып, аяктоо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий