• 88.68
  • 95
  • 0.95

Свердлов районунун акими тротуарлардын курулушу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков тротуарлардын капиталдык курулушу менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда төмөнкү даректердеги тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат:

-Чүй проспекти Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк жагы), узундугу 440 метр;
-Чүй проспекти Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин(түндүк тарабы), узундугу 870 метр;
-Абдрахманов көчөсү Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы), узундугу 160 метр.

Текшерүүнүн жүрүшүндө башчы муниципалдык аймакка кирген чарбалык объектилердин кире бериш топторун демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Буга чейин чарбалык субъектилердин ээлерине уруксатсыз курулган чарбалык объектилерин демантаждоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле Максатбек Саргазаков Чыгыш автобекетинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөгү оңдоо иштери менен таанышып, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине брусчатка төшөө иштерин жакынкы аралыкта бүтүрүүнү тапшырды.

Андан соң, ал капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Менделеев көчөсүн текшерди.

Пикир

Оставить комментарий